ЖМКны колдоо борборунун башчысы «Супер инфо» гезитин текшерүү негизсиз деди

  • 5 лет мурун

ЖМКны колдоо борборунун жетекчиси Алмаз Курманкалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматтын «Супер-инфо» гезит редакциясын текшерүүсүн негизсиз деп, арыздагы маалыматтын эски экенин эскертти.

Бул тууралуу маалымат жыйынында сөз болду.

«Сайттагы маалымат Шаиста Шатманова айтып өткөндөй эски экенин расмий түрдө айта алам. Биз 5-февралда бул тууралуу 76 барактан турган түшүндүрмөнү Финполицияга жибергенбиз. Ал каттан кийин текшерилген. Биздин борбор басып чыгарган гезиттердин баарында, ошол эле «Супер-инфонун» нускасында да айырмачылык жок. Ошондуктан Финполиция эмнеге текшерип жатканы мен үчүн да таң калычтуу», — деди ал.

Жыйынга «Супер-инфо» гезитинин ээси Кылычбек Султан, гезиттин башкы редактору Шаиста Шатманова жана юристтер да катышты. Кылычбек Султан бул гезитти тартып алуу аракети экенин дагы бир жолу эске салды.

Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы буга чейин ЖМКны колдоо борборунун маалыматы менен гезиттеги нуска жагынан айырмачылыктар чыгып жатканын айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты