​Сооронбай Жээнбеков жакында Германияга сапарга барат

  • 5 лет мурун

Жакында Президент Сооронбай Жээбеков Германияга сапарга барат.

Жээнбековдун Германияга жакында боло турган сапарына байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде жыйын өттү.

Анда министр Чыңгыз Айдарбековдун демилгеси алдында КР Экономика, ошондой эле финансы, айыл чарба жана туризм министрликтеринин, инвестиция тартуу агенттигинин, бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда экономикалык дипломатия маселелери талкууланды.

Жыйынга Германиянын элчилигинин, эл аралык кызматташтык боюнча немис коомунун өкүлдөрү да катышты.

Кыргызстандын бизнес коомчулугу немистер менен кызматташуунун бир катар сунуштарын айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты