​Казакстан: Баш прокурор алмашты

  • 5 лет мурун

Казакстандын баш прокурору болуп Гизат Нурдаулетов дайындалды.

Ал буга чейин башкы прокурордун орун басары кызматында иштеп келген.

Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органын 2017-жылдан бер башкарып келген 53 жаштагы Кайрат Кожамжаров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” кызматтан алынды.

55 жаштагы Нурдаулетов 1996–1997-жылдары Казакстандын Мамлекеттик тергөө комитетинде иштеген. 1997-жылы бул орган жоюлгандан кийин эмгек жолун Улуттук коопсуздук комитетинде (УКК) уланткан. 2007–2017-жылдары УККнын Алматы облусу боюнча департаментин жетектеген. 2017-жылдан июлунан бери башкы прокурордун биринчи орун басары кызматында иштеп келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты