​Түркияда октон жабыркаган кыргызстандыктын абалы орто

  • 5 лет мурун

Түркиядан октон жабыркаган кыргызстандык тууралуу КР Стамбулдагы консулдук маалымат алганын Тышкы иштери министрлиги кабарлады.

Дарылоо мекемесинин нөөмөт кызматкери ок жеген кыргызстандыкка операция жасалганын билдирди.

“Ага операция жасалып, реанимация бөлүмүнө жаткырылды, абалы орто” деп айткан дарыгерлер.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы маалымдады.

Айта кетсек, 16-марттан 17-мартка караган түнү Измир шаарында 36 жаштагы Фехли Арман айдап бара жаткан машинага белгисиз бирөөлөр ок аткандыгы, андан машинадагы жүргүнчу, Кыргызстандын тургуну Элнура Турманбетова жабыркаганы тууралуу түркиялык Haberler басылмасы маалымат жарыялаган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергелип жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты