​Атамбаев: «Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм»

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген социал-демократиялык партиясы уюштурган митингде Атамбаев «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтты.

“Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп, ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм”,-деди Атамбаев.

Ал «өз катасын оңдоого аракет кыларын жана чындыкты айтарын» кошумчалады.

Атамбаев азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү деп айыптап, мындан баш тартууга чакырып, Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

“Сооронбай Жээнбеков, сен жалаң гана партияны, «Айкөл Ала-Тоону» бөлгөн жоксуң. Сен элибизди бөлүп жатасың. Мен «эл түндүк-түштүк болбосун, эл бир болсун» деп сени Оштон, Кара-Кулжадан алып келгем.

Сен элибизге жарака кетирип, элди бөлө баштадың. Куран окуганга чейин кирише баштадың. Кеч боло электе токто! Анткени эл деген сел. Эл чыдайт. Бирок канчага чейин чыдай турганын билбейм. Эл бир күнү ойгонсо, аны эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз», — деди Атамбаев.

Экс-президент элге эгемен Кыргызстан керектигин, мамлекет башчылары башка өлкөнүн жетекчилери менен тең ата саясат жүргүзүшү керек экенин айтты.

Ал убакыт өткөн сайын азыркы бийлик Курманбек Бакиевдин бийлигин эстетип жатканын айтып, өткөн жылдан баштап анын үй-бүлөсүнө кысым күчөгөнүн билдирди.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үй-бүлөлүк башкарууга кайтпай турганын айтып келет. Бүгүн Аксыдагы эскерүү жыйынында да Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин кландык башкарууга жол бербей турганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты