​Элчилердин ишине критерий боюнча баа берилет

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушууда чет өлкөлөрдөгү элчилердин ишине конкреттүү критерийлер боюнча баа берилерин билдирди.

Жолугушууга мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча келечектүү долбоорлор тууралуу бет ачар сунушташты.

«Мындан кийин элчиликтердин жумушуна Өкмөт тарабынан конкреттүү критерийлер боюнча баа берилет. Бул биринчи кезекте тартылып келинген инвестициялардын жана туристтердин санына, атамекендик продукциялардын экспорт көлөмүнө жана жарандарыбыздын укуктарын коргоо дэңгээлине байланыштуу.», – деди Премьер-министр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты