Салык инспекциясы «Супер инфо» гезитин текшерет

  • 5 лет мурун

Салык инспекциясы “Супер инфо” гезитинин 2013-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки салык төлөмдөрүн текшерет.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гезиттин баш редактору Шаиста Шатманованы чакырып, суракка алган. Аталган кызмат Салык инспекциясына гезит редакциясынын салык төлөмдөрүн жеринде текшерүүгө алууга көрсөтмө берген.

“Компьютер-пресс” жоопкерчилиги чектелген коому (“Супер инфо” гезит редакциясы) 20-мартка чейин документтерин салык текшерүүчүлөрүнө көрсөтүшү керек.

Гезит редакциясынын жамааты ЖЧК документтерин текшерүү аракеттерин оппозициялык басылмага кысым катары баалап жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты