Чек арадагы кырдаал боюнча биргелешкен тергөө топтору түзүлөт

  • 5 лет мурун

КР вице-премьер Жеңиш Разаков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерде жүрөт.

Кечээки күндөн бери Тажикстан Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Жеңиш Разаков белгилегендей, тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришти жана өз ара шарттарды талкуулашты.

Ал баса белгилегендей, тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Эки тараптан жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет», – деп белгиледи Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок.

«Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек», – деди вице-премьер-министр.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты