​2019-жылы “Кыргыз темир жолу”, “Манас” аэропорту модернизацияланат

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, Өкмөттүн 2019-жылдагы негизги багыттарын белгиледи.

1. . Башкы милдет ички дүн продукциянын 4% кем эмес өсүүсүнө жетишүү;

2. Жаңы кен иштетүү объекттерин ишке киргизүү жана инвестицияларды коргоо, кайра иштетүү өнөр жайын салыштырмалуу 17% кем эмес деңгээлге жеткирүү;

3. Логистиканы жана сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу;

4 . Мектепте балдарды билим берүү менен 98,8% камсыздоо;

5. Баштапкы медициналык-санитардык жардам тутумун чыңдоо;

6. Заманбап дене тарбия жана спорт объекттеринин ар бир облуста курулушуна жетишүү зарыл. Учурда Бишкекте заман талабына ылайык стадиондун курулуш маселеси иштелип жатат.

Кандай долбоорлор ишке киргизилет?

Кеңешмеде ошондой эле бул жылы кандай долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы тууралуу айтылды.

«Коопсуз шаар», «Түндүк» ж.б. долбоорлор менен катар эле башкаруунун холдингдик тутумуна өтүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун трансформациялоо негизги милдет болуп саналары тууралуу сөз болду.

Анын ичинде «Кыргыз почтасы», «Кыргыз темир жолу», «Манас» Эл аралык аэропорту» сыяктуу ири ишканаларды модернизациялоо жана жеке инвестицияларды тартуу менен реформаланышы керек экендиги баса белгиленди. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты