​Жогорку Кеңеш чек арадагы жаңжал тууралуу маалымат угат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, жыйынында депутат Карамат Орозова парламентте кыргыз-тажик чек арасындагы маалыматты угууну жана кийинки жумада ал тууралуу талкуулоону сунуштады.

Бул сунушка депутат Таабалды Тиллаев да кошулду. Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселе тууралуу маалыматты укмакчы болду. Ал эми келерки жумада парламентте бул маселе талкууланмакчы.

Ал эми вице-премьер Жеңиш Разаков окуя болгон Баткенге кеткени кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты