​Акаевдин демилгеси: Жаш гвардия бульварына 500 көчөт отургузулат

  • 5 лет мурун

15-мартта Бишкекте активдүү жаштар Жаш Гвардия бульварына 500 түп көчөт отургузат.

Алар мындай аракети менен борбор калааны жашылдандырууга чакырык таштап, экология көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурмакчы.

Иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин “Демилге” фонду уюштурууда.

Акаев Бишкектин экологиясына жана тазалыгына кайдыгер карабаган жаштарды бул акцияга кошулууга чакырат.

Акция 15-мартта саат 15:00дө, Жаш Гвардия бульварында (Киев көчөсү менен кесилиши) өтөт.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө да жүргүзүлдү.

Анын негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты