Кулматов менен Ибраимовдун сотуна журналисттерди киргизди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту улантылды. Алар менен дагы 14 киши айыпталып жатат.

Мурда алардын сот жабык болуп, журналисттерди киргизбей, видео, фото тартууга уруксат берилбесе, бүгүнкү отурумда журналисттерге жана алардын видео, фото тартуусуна уруксат берилди жана сот ачык өтүүдө. Бирок айыпталуучулардын туугандары киргизилген жок.

Тергөө Кулматов баш болгон айыпталуучуларга Калыс ордо мектебин курууда жалпысынан 12 млн сом ашык чыгымга жол берген коррупция деп, Ибраимовго ошондой эле “Дастан” ишканасындагы жана борбордон жер тилкесин бөлүп берүүдөгү коррупция боюнча айып тагылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты