​Депутат Мусабекова: “Биз эртең “Гейстан” болуп калбайбызбы?»

  • 5 лет мурун

Бүгүнкү, 13-марттагы жыйында Жогорку Кеңеш депутаты Жылдыз Мусабекова өткөн жумада, 8-мартта, өткөн жүрүштү сындап, бул маселени парламент тиешелүү уюмдарды чакырып, талкуулашы керектигин билдирди.

—8-мартта аялдардын укугу деген тамада борбордук аянтта митинг өттү. Улуттун уңгусуна, нарк-насилине балта чабылган митинг болду. Себеби Орто Азияда биринчи жолу гей-парад өттү. Албетте, билбегенге бир эле митинг өттү. Билгенге кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, баскан жолун, нарк-насилин тепседик.

Алайдын ханышасы чыккан Курманжан датка, өзүнүн уулунун өмүрүнөн кечип, элди артык көрүп,. “ажалга тике кара, сенин өлүмүңөн менин элимдин өмүрү кымбат” десе, ошол биздин Курманжан даткабызды маскаралашты булар.

Ошон үчүн ошол митингди кимдер уюштурду, эмне максат менен, кимге каршы, бүгүн Улуттук Коопсуздук кызматынын, ИИМ, укук коргоо органдарын чакырып, баа беришиңиздер керек.

Себеби биз Манастын тукумубуз деп дайыма мактанабыз, парламентте Алайдын уулдары, кыздары бар, унчукпай койгонубуз болбойт.

Шайлоого барганда жигиттердин баары биз алты миллионбуз, эми 60 миллионго жетебиз деп айтышат.

Эркек эркекке үйлөнүп жатса, каяктан 60 млн калк болобуз? Анда унчукпай олтура берели, парламент. Оозубузга талкан сугунуп алгансып.

Эртең Кыргызстан эмес, “Гейстан” деген өлкөгө айланып калбайлы” деди депутат Мусабекова 13-марттагы Жогорку Кеңеш жыйынында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты