​Экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу мыйзам долбоорун ЖК комитети жактырды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Алардын айтымына караганда, “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси замандын талабына жооп бербейт.

Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

— Аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

— 13-беренеде экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

— Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге бирдей колдонула турганы белгилүү болду.

Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты