​Москвада жол кырсыгынан кыргызстандык экөө каза тапты

  • 5 лет мурун

Москва шаарында 8-марттагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду.

Андагы Братиславский көчөсүндө Кыргызстандын жараны эки кыргызстандыкты коюп кеткен.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

ЖМК маалыматы боюнча айдоочу рулду башкара албай калган. Анын натыйжасына 28 жаштагы К. кызы Б. жана 30 жаштагы А.К. каза тапты.

Айдоочу камакка алынды. Калган жагдай иликтенүүдө.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт : Интернеттен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты