Өмүралиевди Түркияга элчи дайындоого макулдук берилди

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди.

Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси болчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты