​Орусиянын Гороховец шаарында өрттөн жабыркаган кыргызстандык каза болду

  • 5 лет мурун

Орусиянын Владимир облусундагы Гороховец шаарындагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык каза болуп калды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин жана ИИМ өкүлдөрү Владимир облусуна кетишкени да кабарланды.

Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдык көрүлүүдө. Ал эми жабыркаган экинчи кыргызстандыктын абалы орто деп бааланууда.

Айта кетсек, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, айнек чыгаруучу ишканадагы өрт 5-мартта саат 18:15 те көмөкчү жайда башталган. Анда 7 киши жабыркаса, экөө КР жарандары. Жабыркаган КР жарандары Владимир жана Нижегород облустарынын ооруканаларына жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты