​Аймактагы ишкерлерге берилген кредит көбөйдү

  • 5 лет мурун

Өлкөнүн финансы институттары — Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду, Кепилдик фонду , Айыл банк жана РСК банк аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү.

Бул тууралуу жогоруда аты аталган финансылык институттардын жетекчилери бүгүн, 6-мартта Президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгондо маалымдашты.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата ал фонд тарабынан жалпы суммасы 304 млн АКШ долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган.

2018-жылдын ичинде кредиттердин суммасы 42,1 млн АКШ долларын түзүп, саны 2 эсеге өсүп, 1653 долбоорду түзгөн (+831 кредит).

Жыл ичинде курулуш материал ишканасы, цемент заводу, кийим жана бут кийим тигүүчү фабрикалар, макарон комбинаты — бардыгы болуп 7 ири ишкана ачылды.

Ошондой эле “Кепилдик фонд”, Айыл банк, РСК банк тарабынан айылдык ишкерлерге берилген кредиттин саны жана көлөмү өскөндүгүн анын жетекчилери билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты