​Минералдык жер семирткич чыгарган көмүскө цех табылды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кызыл-Кыя шаарында минералдык жер семирткич чыгарган көмүскө цех табылды.

Кызыл-Кыя шаарындагы кампанын биринде белгисиз адамдар минералдык жер семирткич жасап жаткандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Бул цехтин минералдык жер семирткич өндүрүүгө, иштеп чыгууга уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталган.

Цехти тинтүү учурунда минералдык жер семирткич салынган каптар, жер семирткичтерди өндүрүү, иштеп чыгуу үчүн жабдуу табылган.

Жабдууну жумушчулар активдүү пайдаланып келишкендиги билинди.

Даярдалып жаткан продукция тиешелүү лабораториялык текшерүүдөн өткөн эмес, ал айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана адамдын ден соолугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

Жогорудагылардын негизинде, ошондой эле жазгы сугат иштери жакындап келе жаткандыктан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жарандарга минералдык жер семирткичтерди сатып алууда этият болууну жана сатуучудан товарды тастыктаган документтерди талап кылууну сунуштайт.

Эгерде сапатсыз өнүмдү байкап калсаңыз, анда тезинен Бишкек ш., Манас 101/1 пр. дареги боюнча кайрылыңыз, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты