Сулайманов: «Өкмөт башчы резиденцияда чөөлөрдүн улуганын угуп жатса керек”

  • 5 лет мурун

Депутат Алтынбек Сулайманов бүгүнкү, 7-марттагы, парламент жыйынында чөөлөр айылдарга, ал тургай мамлекеттик резиденцияга чейин түшүп, коркунуч жаратып жатканын билдирди.

Ар атылган карышкырга 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сом төлөнөт экен. Мамлекеттик органдар аӊчылардан ар кандай болбогон кагаздарды талап кылып жатып, чөөлөр таптакыр унутта калды.

Алардын саны да көбөйдү, адамдар менен малга тиш салуусу да күчөдү. Чөөлөр айылга, алтургай, мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-элкин аралап жүрөт.

Чөөлөрдүн улуганын Өкмөт башчы деле угуп жатса керек деди депутат.

«Ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктардан улам, чөө аткан аӊчылар акчасын алалбай жүрөт, кызыкдар деле болбой калышыптыр.

Аӊчылардын айтымында, азыр чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы 50 млн сомдук чыгым келтирди, ал эми Өкмөт аларды атууга 6 млн сом бөлгөн.

Чөө өтө амалкөй жырткыч, аны атуу кыйын. Ошондуктан, тоскоолдуктарды жоюп, атууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп, атылган чөөнүн баасын карышкырга теӊөө керек», — деди Сулайманов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты