​Турусбеков: “Ысык-Көлдө ири таштанды полигону жок”

  • 5 лет мурун

Жаӊы туристтик мезгил башталганы турат, ага азыртан кам көрүү зарыл. Биз ансыз да курч турган экология маселесин тыӊгылыктуу чече албайбыз. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

“Биринчиден, эс алуу жайларындагы саркынды сууларды тазалоо жайларынын абалына көзөмөлдү күчөтүү керек. Заман талабына толук жооп берген бирин-экин гана тазалоо жайлары бар экен, калгандарынын аты эле бар.

Ал үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат бөлүп, пансионаттарды тазалоо жайларын курууга милдеттендирүү зарыл.

Экинчиден, ушу тапта Ысык-Көл аймагында бир дагы атайын ири таштанды полигону жок, көрүнгөн жерге башаламан көмүлүп жатат.

Андагы 180 эс алуу жайынан күнүгө 5 тонна таштанды чыгат.

Ошондуктан, чакан болсо дагы таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу керек», — деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты