Абылгазиев Сауд Арабия элчиси менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы Сауд Арабия Королдугунун элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.

Анда эки жактуу кызматташуу жана анын келечеги талкууланды.

Премьер-министр эки жактуу мамилелердин өнүгүшүн белгиледи жана көрсөткөн көмөгү, анын ичинде, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Элчи Премьер-министрди Сауд Арабиянын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун атынан «Camel Fest» этнофестивалынын жабылыш салтанатына чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты