​Кулматов менен Ибраимовдун соту 13-мартка жылдырылды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бир ишке бириктирилип каралды. Ленин районунда сот бүгүн, 6-мартта башталып, ал 13-мартка жылдырылды.

Сот отурум жабык өтүп, журналисттер, айыпталгандардын туугандары киргизилген жок, видео, сүрөт тартууга да уруксат берилген жок.

Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан 14 кишиге айып тагылган.

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коррупцияга айыпталып жатат.

Тергөөнүн айтуусу боюнча алар “Калыс Ордо” мектебиндеги курулуш иштеринде бааны жалпысынан 12 миллион сомдон ашуун ашыкча сарпталган.

Албек Ибраимов ошондой эле “Дастан” компаниясындагы жана жер тилкесин бөлүп берүүдөгү коррупция боюнча айыпталууда.

Сот процесси 13-мартка жылдырылды. Анын себеби айрым айыпталуучулары сотко келбей калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты