Эр-Риядда кыргыздын эр жигиттери өзүн кантип алып жүрүшөт?

  • 5 лет мурун

“Кыргызстандын маданий ишмерлери башка өлкөгө барганда маданияттуулукту унтупаса жакшы болор эле. Алар биздин өлкөнүн жүзү экенин унутушпаса. Сүрөттөгү өзүн мекенчил эсептеген балдар, ар күнү калпак кийип жүрүшөт, бул мактоого татырлык, бирок алар өзүн жаман алып жүрүшүүдө” деп жазды Бегимай Жаныбекова фейсбук баракчасына.

—Элдин баары 1000 ден ашык кыргызстандык Сауд Арабиясына “Көкмөндөр ааламы” фестивалына бараарын билет. Азырынча 500 кишидей барды.

Бизди борбор шаардан анчалык алыс эмес жерде жайгаштырышты. Швед үстөлүн уюштурушту. Бирок бизге ал жарашпайт экен. Көпчүлүк тамакка жулунуп, түртүшүп, айрыкча эркектер, идишине толтура тамак салып алып, суусундукту жащиктеп бөлмөлөрүнө алып кетип жатышат. Ал эми калгандар тамаксыз, суусундуксуз калууда. Алар тамаксоолонуп салып алган тамактарынын көбүн жей албай калтырып кетишүүдө.

Айрымдар эрте барып алып, тамакты алып келе элек болсо, кыйкырып, ышкырып жатышат.

Арабдар мунун баарын сүрөткө, видеого тартып алып жатканын унутпаш керек. Арабдар кыргыздардын бул жоругуна оозун ачып жаткан болуш керек” деп жазды.

Айта кетсек, Сауд Арабиясы фестивалга катыша турган 1000 дей кыргызстандык өнөрпоздордун бардык чыгымын каржылай турганы айтылган.

Сүрөт: Бегимай Жаныбекованын фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты