​Экс-спикерлер кеңеши түзүлдү

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультациялык кеңеши түзүлдү.

Кеңештин төрагалыгына Медеткан Шеримкулов, аткаруу комитетинин төрагасы болуп Акматбек Келдибеков шайланды.

Мындай чечим 2-мартта Бишкекте өткөн жыйында кабыл алынган.

Коомдук уюм мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, Президентке, Парламентке жана Өкмөткө сунуш-пикирлерин билдирип турмакчы.

2018-жылдын 21-ноябрында экс-спикерлерди Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Анда мурдагы ЖК төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков катышкан болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты