​Абылгазиев: “24% дан кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат

  • 5 лет мурун

“Бүгүн түрдүү баалоолор боюнча 24% дан кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат” деди премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА (Жаш ишкерлер ассоциациясы) бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушууда.

«Мамлекет бизнестен көз каранды экенин моюнга алуу керек, себеби анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды болуп саналат» деди Өкмөт башчы.

«Бүгүн түрдүү баалоолор боюнча 24% кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат. Биз легалдуу бизнес саясатын жүргүзүп жатабыз.

Мен жолугушууга силердин күнүмдүк көйгөйүңөр тууралуу угуу үчүн, диалог түзүү максатында келдим. Мен кооз сүйлөгөндү жактырбайм, жөн гана иштеш керек», — деди Премьер-министр.

Абылгазиев билдиргендей, атамекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү маселеси иштелип чыгууда.

Экологиялык товарларды өндүрүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө мындан ары басым коюшубуз керек деди Өкмөт башчы.

Ошону менен бирге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна көңүл буруу жагы баса белгиленди.

Бизнес-ассоциация мүчөлөрү көйгөйлөр тууралуу айтып беришти жана өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты Анын ичинде аларды курулуш, салык, кен иштетүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна, айыл чарбасына жана башка маселелерге байланыштуу темалар кызыктырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты