Сот Атамбаевди Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди
- 5 лет мурун
Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана “Апрель” телеканалынын соту соңуна чыкты.
Сот Атамбаевге Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин доосун каанаттандырды.
Сот экс-президент Атамбаев аталган саясатчылардын ар бирине кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 100 миң сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды.
“Апрель” каналынан доо алынып салынды.
Айта кетсек, “Апрель” телаканалындагы интервьюсунда айтканы боюнча экс-президент Атамбаевди Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев сотко берген.
Аталган үч саясатчынын телеканалга жана экс-президентке жалпы доосу 18 млн доллар болчу.
Муну бөлүшүү