​Ложников: “Атамбаев аткаминерлердин аз маянага байыганын эле белгилеп жатат”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, “Апрель” телеканалы боюнча сотто телеканал баш директору Дмитрий Ложников сөз сүйлөдү. КСДП басма сөз кызматынын маалыматында, баш директор буларга токтолду:

—Мен директор катары эфирге кандай материалдар чыгаарына жооп берем. Алмазбек Атамбаевдин интервьюсунун эфирге чыгышын да мен кубаттагам, -деди “Апрель” телеканалы боюнча сотто баш директор Ложниокв.

Ал журналистика принцибин бузбагандыгын билдирди.

“Лингвистикалык экспертиза жүргүзүлбөгөндүгү мен тынчсыздандырат, бирок соттун чечимине ишенем” деди ал.

Ошондой эле ал Атамбаевдин интервьюсунда суроолуу интонациясы бар сөздөр көп жолукканын кошумчалады.

“Ал суроо берип, кимдир- бирөөнү түздөн-түз күнөөлөбөйт. Бул мамлекеттик кызматкерлер аз маянага байып кеткенин эле белгилеп жатат.

Биз аларды коррупционер деп атай алабызбы? Эгер ал “Бекназаров тигини уурдады” деп айтса, бир жөн эле” деди Ложников.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты