Алтыбаева: «Алкоголу бар суусундуктарды жаштардын ичкени тынчсыздандырат»

  • 5 лет мурун

Бүгүнкү, 28-февралдагы Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди ашкере ичкендер көбөйүп бара жаткандыгына байланыштуу депутат Айнуру Алтыбаева маселе көтөрүп, буларга токтолду.

Алкоголдук ичимдикти ашкере ичкендердин саны көбөйүп бараткан тенденция пайда болду. Бул ИИМдин авария, тоноо, зордуктоо, үй-бүлөлүк зомбулук, киши өлтүрүү ж.б. маалыматтарынан байкалып жатат.

Расмий эмес маалыматтарга караганда Кыргызстанга күн сайын 100 тоннага жакын спирт киргизилип турат экен, ал эми арак-шарап чыгаруучу көмүскө жайлардын да иштеп жаткандыгы белгилүү.

Айрыкча жаштар арасында Red Bull, Jaguar сыяктуу алкоголу бар суусундуктарды пайдаланып жатканы тынчсыздандыраарын билдирди.

Ошол себептүү депутат Алтыбаева алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге акциз салыгын көбөйтүүнү өтүндү. Бизде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү акциз салыгы болуп эсептелет деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты