​Замир Жоошев: “ЖЭБ боюнча сот ачык өтүшү керек”

  • 5 лет мурун

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот отуруму ачык өтүшү керек деп билдирди мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев.

Анын айтуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексине ылайык, алдын-ала угуу жабык өтөт, ал эми алдын-ала угуу аяктагандан кийин сот ачык өтүшү керек.

“Сотко бардыгын киргизиши керек, анын ичинде ЖМКны дагы” деди жактоочу.

Алдын-ала угууда жактоочулардын айрым туура эмес далилдерди алып салуу боюнча билдирүүлөрү каралат. “Ошондой эле сот аркылуу мамлекеттик органдардан айрым далилдерди алуу маселеси каралат” деди Замир Жоошев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты