​Туулган күндөн кийинки мушташ: Кырчын өмүр кыйылды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгына 24-февралда болжолдуу саат 1: 57 де “Ала Тоо” аянтында мушташып жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Милиция барганда, ал жакта эч ким жок болуп чыккан.

Андан кийин ооруканадан Ш,Т. , Ж,Р. аттуу жарандар жаракат менен түшкөндүгү кабарланган.

Акыркысы операциядан каза болуп калган.

Тергөө учурунда 24-февралда алар туулган күн белгилеп, кыздарды чакырганы, балдар менен кыздар урушуп кеткени маалым болгон.

Кыздар урушту териштирүүгө өздөрүнүн досторун чакырган.

Достору келгенде туулган күн белгилеген балдар мушташып кетишкен.

Келген балдар берки экөөнү бычак менен сайып салышкан.

Шектүү катары 23 жаштагы Т. А. камалды. Экинчиси изделип жатат.

Бул окуя боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты