​Аэропорттон сизди оркестр менен узатышты беле?

  • 5 лет мурун

Качандыр бир кезде сизди аэропорттон оркестр менен узатышты беле? Ал эми Мекенди коргоочулар күнүндө “Манас” аэропорту Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын оркестри менен бирге жүргүнчүлөрдү узатуу боюнча флешмоб өткөрүштү.

Жургүнчүлөр алыс-жакын жактарга узап бара жатканда добулбас кагылып, аскер музыканттары Кыргызстан маршын ойной башташты.

Тан калган жүргүнчүлөр арасына майрамдык формадагы 42 аскер музыканты ар кыл аспаптарда ойноп чыгышты.

Аскер музаканттарын дирижер Жуматай уулу Дастан башкарып. Алар Кыргызстан маршынан сырткары “Кыз куумай”, “Кара жорго”, “Рокки” фильминин саундтреги болгон “Баш айланткан кеченин Гимнин” ойноду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты