ЖЭБ боюнча Сапар Исаков жана башка 7 адамдын соту башталды

ЖЭБ боюнча Сапар Исаков жана башка 7 адамдын соту башталдыЖЭБ боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова жана башкалардын соту башталды. 

Бүгүн, 18-февралда, Бишкек электр борборун модернизациялоо ишиндеги коррупция фактысы боюнча борбор шаардын Свердлов районунда сотто баштапкы угуу иши башталды.

Сот жабык өтүүдө. Соттук угууну судья  Инара Гильязетдинова алып барууда.

Бишкек электр борборун модернизациялоо боюнча экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика экс-министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын экс-төрагасы Айбек Калиев, экс-орун басар  Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун экс-аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана финансы экс-министри Ольга Лаврованын сот ишинин баштапкы угуусу  башталды.

Атттары аталган 8 киши Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүү жана андан мамлекетке келтирилген 111 млн доллардан ашуун каражат зыян келтирилди деген айыпталып жаткан кылмыш иши боюнча айыпталууда.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты