Профсоюз федерация жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат

Бүгүн пресс-конференцияда Бишкек шаарында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматында мыйзамсыз отургандыгы айтылды.

Профсоюз федерация жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат

Анда Кыргызстан профсоюздар кеңешинин мүчөсү Канат Осмонов, ЖЧК “Темир” профсоюзунун мүчөсү Бекназар Айталиев катышып, Мирбек Асанакуновго козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөчүлөргө анын жубайы, ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова кысым жасап жатканын айтышты.

Сот мыйзамсыз деп тапты

Профсоюздар кеңешинин мүчөсү Канат Осмоновдун айтымында Мирбек Асанакунов учурда кызматында мыйзамсыз отурат:

Профсоюз федерация жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат

Профсоюздар федерациясынын жетекчиси кызматка мындан эки жарым жыл мурун келген. Ал эми 31-январь күнү Биринчи май райондук соту анын кызматка дайындалышын мыйзамсыз деп тапты. Ага карабай ал кызматтан кетпейжатат.Митингге чыгып чечимди ага көргөзөлү десек, кузөтчүлөрдү коюп, бизди киргизбей койду. Ага чеийн ал “сот анын кызматка шайлануусун мыйзамсыз деп чечим чыгарганда кетем” деп айткан. Тилекке каршы ал айткан сөзүн аткарбай жатат”,-дейт Осмонов.

Мындан сырткары профсоюздар федерациясына Союз убагынан мураска калган кыймылсыз мүлктөр убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Учурда аларды кайра федерацияга кайтаруу боюнча сотиштери жүрүп жатат. Учурда ошол мүлктөрдү сатууга аракет кылып жана кайра кайтарууга Мирбек Асанакунов тоскоолдук кылып жаткандыгын Канат Осмоновкошумчалады:

Бул жерде кызмат орун үчүн күрөш болуп жаткан жок. Федерациянын мүлкүн сактап калуу үчүн күрөш жүрүп жатат. Убагында федерациянын көптөгөн мүлкү мыйзамсыз менчиктештрилип кеткен. Азыр аларды кайтаруу аракети жүрүп жатат. Буга чейин 300 млн сомдук мүлк кайтарылды. Ошол соттук процесстерге катышып, федерациянын кызыкчылыгын коргоо үчүн мага жетекчи Мирбек Асанакунов тарабынан ишеним кат берилген. Бирок, 5-февралда негизсиз, мыйзамсыз түрдө ишеним катты кайтарып алды. Эми мен сот иштерине катыша албайм. Демек, сотто каралып жаткан мүлктөр кайтырылбай калышы мумкун. Учурда, 100 млн сомдук мүлк соттун кароосунда турат”,-деп билдирди Осмонов.

ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова тергөөчүлөргө кысым көрсөткөн

“Темир” жоопкерчилиги чектелген профсоюзунун мүчөсү Бекназар Айталиев көптөгөн обьектилер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендигине байланыштуу аларды кайра кайтыруу иши өтө маанилүү экендигин айтты:

Профсоюз федерация жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат

2010-жылды Апрель революциясына чейин федерациянын көптөгөн обьектилери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Федерациянын жетекчилигине ар кандай адамдар келип, кайтарып алган жайларды бөлүп алууга аракет кылып жатышат. Ошолордун бут тосуусу менен эми көптөгөн эс алуучу жайлар, пансионаттар кайтарылбай калды”,-дейт Айталиев.

Мирбек Асанакунов кызматка келген чейин бул федерацияга эч кандай тиешеси жок болгон. Пресс-конференцияга келгендердин айтымында, ал эмгек китепчесиндеги иштеген жерлерин мыйзамсыз жасап алган:

Буга чейин ал профсоюздар федерациясына эч кандай тиешеси жок болгон. Ал ошол убактагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана Эмгек жана социалдын өнүктүрүү министиринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын коштоосунда келген. Алар бизге Асанакуновду аябай макташканы. Жетекчилик кызматта иштөө тажрыйбасы мол экенин айтышкан. Биз ишенгенбиз. Мындан сырткары жети жылдан ашык профсоюздук жумушта иштегенин айтышкан. Бирок, Юстиция министирлигинин кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча ал иштеген мезгилде аталган уюм жок болчу. Ага карата Бишкек шаардык финансы полициясы аркылуу эмгек китепчесиндеги жазууларды жасап алгандыгы үчүн ага карата кылмыш ишин козгоп, ошонун негизинде 31-январда сот анын жетекчилик кызматка шайланышын мыйзамсыз деп тапты”,-дейт Канат Осмонов.

Мындан сырткары Асанакуновдун жубайы, Жогорку Кенештин депутаты Гулкан Молдобекова бул ишке түз эле кийлигишип жатат. Тергөө органдарына кысым көрсөтүп, кылмыш иштерин токтотуп жаткандыгын да айтышты:

Профсоюз федерация жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат

Мирбек Асанакуновдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова бул ишке түз кийлигишип жатат. Бул тууралуу тергөө органдары айтып жатышат. Кылмыш ишин токтотуу үчүн кысым көрсөтүп, кылмыш иштери токтоп жатат. Ага карабастан биздин активисттер күрөшүп, иштерди аягына чыгарууга аракет кылып жатышат”,-деди Осмонов.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты