Аида Салянова: “Тергөөчүлөр маалыматтарды бурмалап жатат”

Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин экс- депутаты Аида Салянова агасы Калыбек Элтуйбасовдун (Салянов) кармалышы боюнча пресс-конференция өткөрдү. Анда аталган кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бул иш мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Аида Салянова: “Тергөөчүлөр маалыматтарды бурмалап жатат”

2014-жылдын март айында Камила Дүйшөбаева аттуу кыздын өлтүрүлгөнү жалпыга маалым. Андан жарым жылдан кийин кыздын өлүмүнө Калыбек Элтуйбасов (Салянов) шектүү катары каралып, сурак берген. Тергөө органдарынын берген маалыматы боюнча, Салянов саунанын видео жаздырууларын өчүргөн. Мындай көрсөтмөнү аталган саунанын ээси Насыр Алмаматов берген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясий мотивдер менен колдонулуп жатканын айтты.

“Бул жерде эң өкүнүчтүү нерсе, кыздын өлүмү саясий максатта пайдаланылып, коомчулукта көп айтыла баштады. Ошол эле учурда чыныгы кылмышкер биздин арабызда жүрөт. Бирок ал менин тууганым эмес”,- деди Салянова.

Ал эми саунанын ээси болгон Насыр Алмаматов Калыбек Саляновго каршы көрсөтмө бергенден кийин мурунку кызматына кайра келгендигин депутат айым кошумчалады.

Аида Салянова: “Тергөөчүлөр маалыматтарды бурмалап жатат”

“Кеп 2014-жылдын 10-марты жөнүндө болуп жатат. Ал күнү Калыбек Саляновдун кайда, эмне кылып жүргөндүгү жөнүндө толук хронология тергөө органдарында бар. Бирок, алар ишти фабрикация кылганга аракет кылып жатышат. Насыр Алмаматов үч жылдан кийин, 2017-жылы “Видео жаздырууларды өчүрүп сал” деп Салянов тапшырма берген деген көрсөтмө берип жатат.

Бирок, биздеги маалымат боюнча ал өзү камакта отуруп бул көрсөтмөнү берген. Демек, ага кысым көрсөтүлгөн. Кийин, бул көрсөтмөнү бергенден кийин, ал камактан чыгып эле тим болбостон, мурдагы кызматы болгон Бишкек шаардык каттоо кызматынын жетекчилигине кайра келген. Өзүңүздөр билгендей, ал азыр пара алып, СИЗОдо отурат”,-деди Аида Салянова.

Ошондой эле, Аида Салянованын айтымында, агасы Калыбек Салянов, АКШда ИИМдин өтүнүчү менен эмес, Миграция боюнча мыйзам бузууларга байланыштуу АКШнын укук коргоо органдары аркылуу кармалган.

“Азыр ИИМдин өтүнүчү менен Калыбек Салянов АКШда кармалды” деген маалымат тарап жатат. Ал “Миграция тууралуу мыйзамдарды бузду” деген негиз менен АКШнын укук коргоо органдары аркылуу кармалган. Ал жерде ИИМдин эч кандай тиешеси жок. Алар маалыматтарды андан кийин гана жиберишкен”,-деп айтты Салянова.

Ал эми видео жаздырууларды милиция кызматкерлери, Саляновдун күнөөсүз экендигинин далили экенин билип туруп өчүрүп салышканы боюнча маалымат бар экенин да айтты.

“Иштин фабрикацияланып жатканын билгенден кийин, аталган видео жаздырууну милиция кызматкерлери өздөрү өчүрүп койду деген маалыматтан кийин, Баш прокуратурага, ИИМге арыз жазганбыз. Ошол фабрикация кылган адамдарды жоопко тартуу боюнча. Анын ичинде Данияр Абдыкаров да бар эле. Тилекке каршы, биздин арызыбыздан кийин Абдыкаров “Манас” аэропортуна жетекчилик кызматка которулду”,-деди Салянова.

Аталган иштер боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн Элнура Алканованын айтымында, ал аталган иштин бир нече катышуучусу менен сүйлөшкөн, анын ичинде каза болгон кыздын курбусу да болгон.

Аида Салянова: “Тергөөчүлөр маалыматтарды бурмалап жатат”

“Камиланын курбусунун айтымында ал буга чейин Калыбек Салянов менен Камиланы чогуу көргөн эмес. Ошол күнү биринчи жана акыркы жолу көргөң. Анын айтымында, Камила менен Салянов 15 мүнөттөй машинада чогуу болушкан. Андан кийин Камила “40х40” караоке-барынын алдынан түшүп калган. Аны бардын камерасынан дагы көрүүгө болот”,-дейт журналист.

Бул айтылгандар 9-мартта болгон. Андан кийин 10-мартта, жекшемби күнү Камила окууга барам деп чыгып кеткен. Акыркы көрүшкөн кишиси, буга чейин сүйлөшүп жүргөн жигити болгон. Жигити муну тастыктаган. Анын айтымында Камила окуусуна баргандан кийин, ага келмек. Бирок, окуусуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Элнура Алканованын айтымында, ал Камиланын ишин жүргүзгөн тергөөчү менен дагы сүйлөшкөн.

“GPS аркылуу берилген телефондун сигналдарына караганда Салянов Камилага керек болсо беш километрге жакындаган эмес. Бул маалыматтарды тергөөчү айтты”,-дейт Алканова.

Андан кийин 10-мартта Калыбек Салянов эс алган саунанын жетекчиси Насыр Алмаматов менен жолугуп, андан интервью алганын Элнура Алканова кошумчалады.

“Насыр Алмаматов Салянов ага видео жаздырууну өчүрүү боюнча эч кандай тапшырма бербегендигин айтты. Ал камераны кызматкерлеринин жумушун көзөмөлдөө үчүн койгон. Бул этикалык нормаларга туура келбегендиктен, күндө жаздырууну өчүрүп турган”,-деди журналист.

Ошондой эле, Элнура Алканованын айтымында, ошол күнү саунага Калыбек Салянов менен чогуу саунага эки аял барган, жаш кыздар эмес.

“Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча алгачкы беш айда иликтөө жүргүзгөн тергөөчүнүн айтымында, ошол күнү Салянов менен чогуу болду деген аялдардан көрсөтмө алынган. Алар чогуу болгондугун тастыкташкан. Үй-бүлөлүү болгондуктан, коомчулукка чыгып, бул жөнүндө айтып бере алышпайт экен”,-дейт Алканова.

Калыбек Саляновдун учурдагы адвокаты Чынара Жакупованын айтымында, аталган иштин мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, иш мыйзамсыз жүрүп жатат.

Аида Салянова: “Тергөөчүлөр маалыматтарды бурмалап жатат”

“Анча оор эмес кылмыштардын мөөнөтү үч жыл. Ал эми Салянов тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу боюнча шектелип жатат. Эгерде ал видео-жаздыруулар 22-мартта өчүрулгөн болсо дагы, тергөөнүн мөөнөтү өтүп кетти. Азыр мыйзамсыз тергөө жүргүзүлүп жатат”,-дейт адвокат.

Ошондой эле, иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотуу боюнча жана мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондорго карата кылмыш иши козголсун деген арыз менен кайрылганын Чынара Жакупова кошумчалады. Мындан сырткары, анын айтымында азыр жүргүзүлүп жаткан иштер легитимсиз.

ИИМден бул боюнча комментарий алуу үчүн байланышүү мүмкүн болбоду.

Кылычбек кызы Ырысбү.

Сүрөттөр автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты