ЖК комитети чет өлкөлөргө элчилерди дайындоого макулдугун берди
- 5 лет мурун
- Мультимедиа
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея өлкөлөрүнө элчи дайындоого макулдугун берди.
1. Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине — Канайым Бактыгулова;
2 . Россиядагы элчилигине -Аликбек Жекшенкулов,
3. Түштүк Кореядагы элчилигине — Динара Кемелова;
4. АКШдагы элчилигине — Болот Отунбаевдин талапкерлиги жактырылды.
Динара Кемелова учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси. Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ЖК басма сөз кызматыныкы.