Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин кантип өткөрөбүз?

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин кантип өткөрөбүз?

Кеңешмеде.

Башкы иш-чара — Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнда өткөрүү пландалып жатат. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалымадалгандай, бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин, айыл чарба министрликтердин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары болду.

Алдыда дагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин кезектеги отурумдары, ШКУ медиа-саммити, көркөм көргөзмөсү, эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму сыяктуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты