Бизнес-омбудсмен институту кандай уюм болот?

Бизнес-омбудсмен институту кандай уюм болот?

Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Абылгазиев Бизнес-омбудсмен институтун  түзүү жөнүндө токтомго кол койду.

Бизнес-омбудсмен ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин камсыздоого жана алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышына багытталган.

Бизнес-омбудсмендин өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-омбудсмен жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик) ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Бизнес-омбудсмендин ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты